Бүгүн, 4-октябрда парламенттик шайлоо өттү. Саат 20:00дө өлкөдөгү шайлоо участкаларында добуш берүү токтотулду. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова шайлоонун алгачкы алдын ала жыйынтыгы менен тааныштырууда.
Жалпы 2 миң 475 шайлоо тилкеси бар, 2 миң 337 тилкесинен маалымат келди. Шайлоого 1 миллион 893 миң 637 жаран добуш берди. Көрсөткүч улам өзгөрүүдө.
№1 "Биримдик" 24,45 % (483 миң 346)
№2 "Мекенчил" 6,86% (134 миң 944)
№3 "Ыйман Нуру" 3,36% (66 миң 22)
№4 "Мекеним Кыргызстан" 23,95% (470 миң 806)
№5 "Реформа" 1,61% (32 миң 279)
№6 "Ата Мекен" 4,03% (79 миң 530)
№7 "Замандаш" 2,17% (42 миң 392)
№8 "Бүтүн Кыргызстан" 7,09 % (139 миң 617)
№9 "Социал-Демократ" 2,1% (41 миң 837)
№10 "Мекен Ынтымагы" 0,63% (12 миң 328)
№11 "Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы" 0,17% (3 миң 419)
№12 "Ордо" 0,22% (4 миң 343)
№13 "Бир Бол" 3% (59 миң 755)
№14 "Республика" 5,84% (114 миң 371)
№15 "Кыргызстан" 8,78% (172 миң 251)
№16 "Чоң Казат" 2,33% (45 миң 856)
№17 Баарына каршы 1,79% (35 миң 358)