4-октябрда Кыргыз өлкөсүндө парламенттик шайлоо болуп өттү. Саат 22:00гө карата парламенттик шайлоодо добуштардын 7 пайыздан ашыгын төрт партия - "Биримдик" (24,55%), "Мекеним Кыргызстан" (23,93%), "Кыргызстан" (8,76%) жана "Бүтүн Кыргызстан" партиясы (7,1%) камсыздады.
Алдын ала маалыматтар жарыялангандан кийин, бир катар партиялар өткөн шайлоонун жыйынтыгын тааныбаган болсо, кээ бир партиялар жыйынтыктан күмөн санашты.
Парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбайбыз дегендердин бири - "Социал-демократтар" партиясы. Бул тууралуу нааразычылык акциясы өтүп, анда партия өкүлү Темирлан Султанбеков шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын, анткени бул шайлоодо көптөгөн мыйзам бузуулар болгонун билдирди.
"Ата Мекен" партиясынын лидерлери журналисттерге маалымат берип, шайлоонун жыйынтыгын тааныбайбыз жана өтпөй калган башка партиялар менен оппозициялык блок түзөбүз деп билдиришти. "Реформа" партиясы да шайлоонун жыйынтыгы менен макул эмес. Макул эместердин катарында "Мекен Ынтымагы" партиясы дагы бар.
"Бир Бол" партиясы парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбайт жана шайлоону башкаруунун автоматташтырылган тутумуна кийлигишүү болгон деп эсептейт. Ал эми "Замандаш" партиясы болсо шайлоонун жыйынтыгын тааныбай, оппозицияга кетип жаткандыгын жарыялады.
Мындан сырткары бир катар партиялар шайлоонун жыйынтыгынан күмөн санап жатышат. Шек санаган партиялардын катарында "Ыйман Нуру" жана "Республика" партиясы бар.