Шайлоонун жыйынтыгына каршы партиялар митинг өткөрүшөт

4-октябрда өткөн парламенттик шайлоону тааныбаган партиялар "Ата Мекен" жана "Республика" партияларынын талапкерлери 4үнөн бешине караган түнү маалымат жыйын өткөрүштү. Маалымат жыйындан белгилүү болгондой, алар 5-октябрда Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрынын алдына саат 14.00дө акция өткөрүшөт.

Борбордук шайлоо комиссиясынын алдын ала маалыматына караганда, 4-октябрдагы шайлоодо "Биримдик", "Мекеним Кыргызстан", "Кыргызстан" жана "Бүтүн Кыргызстан" партиялары 7 пайыздык босогодон өтүшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Bars88
2020-10-05 08:51:22
Болору болду ушундай оруу босогодо турганда митинг ситинги жок эле жашайлы.Ата мекен менен республика буга чейин эмнени кыйратты.Мекенчилдер унчукпай эле журушотго кичине жетпей калды
0
jigit.paren
2020-10-05 08:55:51
Бул шайлоо өтө эле ыплас болду бул бийлик Бакиевдин бийлигинен да өтүп кетти, элибиз дагы эле ойгоно элек экен акча дегенде бүт баарын сатып ийгенге даяр экен. Чала болот бизге. Назира Айтбекова айткандай оппозицичвл партиялар бүт баары бириккенде женишмек ар кимиси өз көмөчүн тартып бири бирин жамандап жүрүшүп ушуну көрүштү чала болот силерге да.
+5
alinur2020
2020-10-05 09:06:21
jigit.paren,кечиресиз. Элде куноо жок го дейм. Эми арасында бардыр сатылгандар. Бирок эл туура эле тандады. Жыйынтыгын жазап коюшту окшойт.
+5
alik.kg
2020-10-05 09:11:03
Жанар панар дагы каяктагы НПошниктердин партиялары силердин отпойкалганынар жакшы болду. Билебиз силердин сол колунарды кантип которгонунорду. Митин ситинг дебей кысыып башка иш кылгыла бекер акчага конгон бекерпоздор.
+2
Jelezo
2020-10-05 09:35:39
Жыйынтыгын өздөрү атайын жасап коюшту эл ишенбей коёт деп Бүтүн Кыргызстанды коркондорунан эле кошуп койушту процентин азайтып.
+1
Nurtoruk
2020-10-05 09:36:46
Менин силерге айтаарым кыргыз элим баары депутат болуп коргон ошондо эмнеге эч нерсе кылган жок депутат болсо деле эч нерсени кыйратышпайт
0
Aijamal_95
2020-10-05 11:06:55
Элдер кобу билишимче Бутун Кыргызстан м.н Мекенчил партиясын колдошту эле
+1
bekbol2006
2020-10-05 11:18:44
Бийлик оз билгенин кылды
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан