2015-жылы парламенттин VI чакырылышына кайсы партия канча мандат менен өткөн? Кечээги шайлоонун алдын ала жыйынтыктары менен салыштырабыз

Кечээ, 4-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо болуп өттү. Анда саат 23:30га карата БШКнын жыйынтыгы боюнча төмөндөгү партиялар босого чегинен өттү.

"Биримдик" 24,45 %

"Мекеним Кыргызстан" 23,95%

"Кыргызстан" 8,78%

"Бүтүн Кыргызстан" 7,09 %.

Ал эми 2015-жылдагы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 4-октябрда болуп өтүп, төмөндөгү партиялар жеңишке жетишкен. Алар:

"Кыргызстан социал-демократиялык партиясы" 26,81 %

"Республика-Ата Журт" 19,69 %

"Кыргызстан" 12,67 %

"Өнүгүү Прогресс" 9,12 %.

"Бир Бол" Мамлекеттик биримдик жана мекенчилдик” саясий партиясы 8,36 %

"Ата Мекен" саясий социалисттик партиясы 7,57 пайыз добуш алып, Республика боюнча 7% дык тоскоолдуктан өтүп, депутаттык мандат бөлүштүрүүгө киргизилген.

Натыйжада, "Кыргызстан социал-демократиялык партиясы" саясий партиясына 38 мандат,

"Республика-Ата Журт" саясий партиясына 28 мандат,

"Кыргызстан" саясий партиясына 18 мандат,

"Өнүгүү Прогресс" саясий партиясына 13 мандат,

"Бир Бол" Мамлекеттик биримдик жана мекенчилдик" саясий партиясына 12 мандат,

"Ата Мекен" саясий социалисттик партиясына 11 мандат бөлүштүрүлгөн.

Кечээ, 4-октябрда өткөн шайлоонун алдын ала жыйынтыктарына ылайык, 7 пайыздык босого ченден өткөн 4 партияга төмөнкүдөй мандат бөлүштүрүлөт деп болжолдонууда.

"Биримдик" - 46 мандат,
"Мекеним Кыргызстан" - 45 мандат,
"Кыргызстан" - 16 мандат,
"Бүтүн Кыргызстан" - 13 мандат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nurik728
2020-10-05 11:27:38
107 мал болот экен да эми.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан