Кечээ, 4-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди шайлоо болду. Алдын ала жыйынтык боюнча 7 пайыздык босого чектен 4 саясий партия өттү. БШКнын маалыматына ылайык, 6-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттарынан 85 адам кайрадан шайлоого аттанган. Азырынча БШК добуш берүүнүн рамий жыйынтыктарын жарыялай элек. Ага ылайык, 5-октябрь таңкы саат 05:00гө карата статистика боюнча алдыда 4 партия келе жатат.
- "Биримдик" 24,5%
- "Мекеним Кыргызстан" 23,88%
- "Кыргызстан" 8,76%
- "Бүтүн Кыргызстан" 7,13 %
7 пайыздык босого чегинен өткөн партияларда 6-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттары да бар. Алардын тизмеси төмөндө берилген:
"Биримдик" партиясынан депутат болуп келчүлөр:
- Төрөбай Зулпукаров (КСДП)
- Евгения Строкова (КСДП)
- Аида Касымалиева (КСДП)
- Марат Аманкулов (КСДП)
- Айбек Алтынбеков (Республика-Ата-Журт)
- Бакирдин Субанбеков (Бир Бол)
- Улан Примов (КСДП)
- Азамат Арапбаев (КСДП)
- Пархат Тулендыбаев (Республика-Ата-Журт)
- Жаныбек Бакчиев (Бир Бол)
- Асылбек Жээнбеков (КСДП)
- Махабат Мавлянова (Республика-Ата-Журт)
- Сагындык Келдибаев (Республика-Ата-Журт)
- Өмүрбек Бакиров (КСДП)
- Исхак Пирматов (Бир Бол)
- Гүлшат Асылбаева (Өнүгүү-Прогресс)
- Бакытбек Жетигенов (КСДП)
- Аида Исмаилова (Республика-Ата-Журт)
- Абтандил Кулбараков (КСДП)
- Динара Исаева (Республика-Ата-Журт)
- Нурбек Тотонов (Республика-Ата-Журт)
- Айнура Шермаматовна (КСДП)
- Сайдолимжон Джураев (КСДП)
"Мекеним Кыргызстан" партиясынан:
- Мирлан Бакиров - (Өнүгүү-Прогресс)
- Марлен Маматалиев - (Республика-Ата-Журт)
- Жыргалбек Турускулов - (Республика-Ата-Журт)
- Искендер Матраимов - (КСДП)
- Таабалды Тиллаев - (Республика-Ата-Журт)
- Гүлкан Молдобекова - (КСДП)
- Урматбек Самаев - (Кыргызстан)
- Бактыбек Сыдыков - (Республика-Ата-Журт)
- Бактыбек Райымкулов (Республика-Ата-Журт)
- Иса Өмүркулов (КСДП)
- Алиярбек Абжалиев - (Республика-Ата-Журт)
- Жылдыз Мусабекова - (КСДП)
"Кыргызстан" партиясынан:
- Канатбек Исаев - (Кыргызстан)
- Талант Мамытов (Республика-Ата-Журт)
- Азизбек Турсунбаев (Кыргызстан)
- Дастанбек Жумабеков (Кыргызстан)
- Шаршенбек Абдыкеримов (Кыргызстан)
- Салайдин Айдаров (Кыргызстан)
- Талайбек Масабиров - (Кыргызстан)
"Бүтүн Кыргызстан" партиясынан:
- Исхак Масалиев - (Өнүгүү-Прогресс)
- Саматбек Ибраев - (КСДП)
- Зиядин Жамалдинов - (Өнүгүү-Прогресс)