Кечээ, 4-октябрда парламенттик шайлоо өттү. Саат 20:00дө өлкөдөгү шайлоо участкаларында добуш берүү токтотулган. Учурда автоматтык эсептегич урналардагы маалыматтар саат 20:00дөн тарта Борбордук шайлоо комиссиясынын серверине түшүүдө.
Көрсөтүлгөн убакытка карата 4 партия босого чегинен өттү. Алар: "Биримдик", "Мекеним Кыргызстан", "Кыргызстан", "Бүтүн Кыргызстан".
БШКнын сайтында таңкы саат 05:00гө карата жарыяланган алдын ала жыйынтык:
№1 "Биримдик" 24,5%
№2 "Мекенчил" 6,85%
№3 "Ыйман Нуру" 3,35%
№4 "Мекеним Кыргызстан" 23,88%
№5 "Реформа" 1,65%
№6 "Ата Мекен" 4,03%
№7 "Замандаш" 2,15%
№8 "Бүтүн Кыргызстан" 7,13 %
№9 "Социал-Демократ" 2,13%
№10 "Мекен Ынтымагы" 0,63%
№11 "Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы" 0,17%
№12 "Ордо" 0,22%
№13 "Бир Бол" 3,03%
№14 "Республика" 5,79%
№15 "Кыргызстан" 8,76%
№16 "Чоң Казат" 2,34%
№17 Баарына каршы 1,79%