"Бүтүн Кыргызстан" партиясынан депутат болчулардын болжолдуу тизмеси

Кечээ, 4-октябрда өлкөдө Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо болуп өттү. Азырынча БШК добуш берүүнүн расмий жыйынтыктарын жарыялай элек, бирок алдын ала болжолдуу эсеп чыгып, төрт партия алдыга озуп чыкты.

Алар: "Биримдик", "Мекеним Кыргызстан", "Кыргызстан" жана "Бүтүн Кыргызстан".

Борбордук шайлоо комиссиясы буга чейин жарыялаган тизмеге ылайык, "Бүтүн Кыргызстан" партиясы 7,09 пайыз менен төртүнчү орунду камсыздоодо. Бул партияга болжолдуу 13 мандат берилет. Мандат алчулардын болжолдуу тизмеси:

1. Мадумаров Адахан Кимсанбаевич
2. Суваналиев Өмүрбек Исакович
3. Масалиев Исхак Абсаматович
4. Саттарова Айгүл Эркебаевна
5. Сманбеков Темирлан Камашович
6. Тилектешов Улукбек Тилектешович
7. Асанов Курсан Сатарович
8. Нарматова Орозайым Көчкөнбаевна
9. Ибраев Саматбек Кулукеевич
10. Малабаев Медербек Муратбекович
11. Жамалдинов Зиядин Исламович
12. Шеркулова Чыныгүл Абдукахаровна
13. Домшенко Олег Леонидович.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Jelezo
2020-10-05 10:20:20
Жок дегенде 45 орун алмаксыңар эл шайлады бирок бийлик уурдап өз партияларына бөлүп берип койду.
+19
asefsa
2020-10-05 10:37:38
Эл акчага сатылып Кетти!
+12
PFC-CSKA
2020-10-05 10:51:48
Байкуш 13 депутат эмне кыла алмак эле против 107 жепжутарга эх арман арман.акчага сатып алгандар да акчага сатылгандар да силерге туболук наалат Аллахтын каргышы урсун!!!
+8
erkinali858585
2020-10-05 11:12:34
Рахман Разыков барса болмок
-1
bekbol2006
2020-10-05 11:13:38
Жийиркеничтуу Арам акчаны кантип жейсинер? Балдарынардын КЕЛЕЧЕГИН 2000 сомго саттынар, наалат болсун силерге
+8
Baha.A
2020-10-05 11:14:05
Ушунчалыгына шугур. Эки жолу отпой калды эле. Кандай иштешин убакыт корсотот.
+5
PFC-CSKA
2020-10-05 11:34:41
Baha.A, эмне кыла алмак эле кыйкырып какшап эле кала берет Нышановко окшогондор 107 жепжутардын ордуна добуш бере берет ошонтип 5 жыл отот.
+5
Senator
2020-10-05 11:46:53
Айылдын чон эле аксакалы торт мин алдым деп суйунуп алыптыр шакал дессе
+5
BakirL
2020-10-05 11:50:41
Senator,
+1
Senator
2020-10-05 11:48:49
Озбек улутундагы кошуналар бут мекеним Кыргызстанга таштады неге десем озбектер коп дейт ал партияда
+2
BakirL
2020-10-05 11:51:44
Бул шайлоо абдан таза өттү деп оозу мурду кыйшайбай айтат эми ))))
+1
AruuKasi
2020-10-05 14:27:03
Орозайым кучтуу кыз экен э баарын жаман кордунор эле жаш болсода депутат болгонго жетишиптир
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан