Шайлоо ачык жана атаандаштык менен өттү. Бул тууралуу КМШнын байкоочулар миссиясынын жетекчиси Виктор Гуминский брифингде билдирди.
"Парламенттик шайлоо Конституцияга, мыйзамдарга ылайык болду. Шайлоо ачык жана атаандашуу менен өттү", - деди ал.
Кечээ, 4-октябрда парламенттик шайлоо өттү. Ага 16 саясий партия ат салышты. Алдын ала жыйынтык боюнча 7 пайыздык босого менен 4 партия алдыда келе жатат.