Түрк тилдүү мамлекеттердин кеңешинин байкоочусу: "Аялдардын жана жаштардын талапкер болгону жакшы кадам болду"

Аялдардын жана жаштардын талапкер болгону жакшы кадам болду. Бул тууралуу бүгүн, 5-октябрда брифингде Түрк тилдүү мамлекеттердин кеңешинин байкоочусу билдирди.

"Делегация бардык программа менен таанышып чыкты. 1-октябрда тышкы иштер министринин орун басары менен жолуктук. Министрлик тарабынан жасалып жаткан иштер менен тааныштык. Ал бизге мобилдик топ боюнча маалымат берди.

Пандемия учурунда Саламаттыкты сактоо министрлиги БШК менен биргеликте алгоритм иштеп чыкты. Добуш берүүчүлөрдүн саламаттыгын сактоо чаралары каралды.

Аялдардын жана жаштардын талапкер болгону жакшы кадам. Ири техникалык бузуулар байкалган жок. Шайлоо мыйзамга ылайык, ачык-айкын, эл аралык стандарт менен өттү", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан