БШК 6-ноябрга чейин жаңы шайлоо күнүн дайындоо жөнүндө чечим кабыл алат

Ушул жылдын 6-октябрында Борбордук шайлоо комиссиясынын №249 токтомуна ылайык, 4-октябрдагы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган.

Мыйзамга ылайык, БШК бир айдын ичинде кайрадан шайлоо өткөрүүнүн мөөнөтүн жарыялашы керек.

БШК ушул жылдын 6-ноябрына чейин кайра шайлоонун мөөнөтүн жарыялайт. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоону өткөрүп алуу үчүн укуктук талаа түзүлүшү керек деп эсептейт. Ошондой эле БШК Жогорку Кеңешке төмөндөгү маселелерди кыска мөөнөттө карап берүү боюнча кайрылат.

  • Босого чегинин пайызы жана шайлоо фондунун көлөмүн азайтуу боюнча;
  • Форма-2 боюнча;
  • Кайра шайлоого саясий партиялардын катышуусу жана мыйзамды жөнгө салуу боюнча;
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан