"Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясы кайра шайлоого катышат. Партия бүгүн, 22-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясына шайлоого катышуу боюнча табыштамасын бергенин БШКдан билдиришти.
Буга чейин кайра шайлоого катышуу ниетин "Жашылдар" партиясы биринчилерден болуп билдиргени маалымдалган.
2020-жылдын 20-декабрында өтө турган парламенттик шайлоого каттоо уланууда. Партиялардан шайлоого катышуу боюнча билдирүүлөрдү кабыл алуу 25-октябрда соңуна чыгарын БШКдан белгилешти.