22-октябрда Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы БШКнын 2020-жылдын 21-октябрындагы №258 токтомун жараксыз деп табуу жөнүндө Бишкек шаарынын Административдик Сотуна административдик доо арыз менен кайрылды.
Бул тууралуу маалымат аталган уюмдун социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, БШКнын аталган токтому мыйзамсыз жана төмөнкү негиздер боюнча жараксыз деп табылышы мүмкүн:
"БШК андай аракеттерди көргөн жок, бул дагы бир жолу шайлоону дайындоонун негизсиздиги жана мыйзамсыздыгын тастыктады.
Башкача айтканда, мыйзамдарда шайлоо процесси аяктагандан кийин жана шайлоо өткөн жок деп табылган же шайлоонун жыйынтыктары жараксыз деп табылган учурларда гана кайрадан шайлоону дайындоо мүмкүнчүлүгү каралган", - деп айтылат маалыматта.
Административдик доо арыздын толук тексти төмөндөгү сүрөттөрдө.
Белгилей кетсек, БШК жаңы чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайрадан шайлоону 2020-жылдын 20-декабрына дайындаган.
Бирок парламент депутаттары Конституциялык реформага байланыштуу шайлоону кийинки жылга жылдырууну сунуштап, ал колдоо тапты.