29-ноябрдан 30-ноябрга караган түнү Кыргызстандын аймагында 2 жер титирөө катталганын ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет. КРнын Улуттук илимдер академиясынын сейсмология институту билдиргендей, кечки 21:31де Ош облусунун Чоң-Алай районунда жер силкинүү болгон. Анын күчү эпицентринде 3 баллды түзүп, очогу кыргыз-тажик чек арасында Дароот-Коргон айылынан 40 чакырым аралык түштүк-батышта, Баткен шаарынан 125 чакырым аралык түштүк-чыгышта орун алган. Экинчи жер титирөө Нарын облусунда болуп, анын күчү эпицентринде 3,5 баллга жеткен. Зилзаланын очогу Жаман-Тоо тоосунда орун алган.