Америкалык UFC мушкери Тони Фергюсон чемпион Хабиб Нурмагомедовго социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кайрылды. Ал "жакында көрүшөбүз, акылсыз" деген билдирүү калтырганын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов UFC уюмунун жеңилбес чемпиону катары карьерасын жыйынтыктаганын жарыялаган. Ал 24-октябрда Абу-Даби шаарына жакын Яс аралында өткөн UFC 254 турниринде америкалык мушкер Жастин Гэйтжини муунтуу ыкмасы менен утуп алган.