Айнуру Алтыбаева: "Санжар Кадыралиевдин үй-бүлөсүнө компенсация берүү боюнча токтомду жокко чыгаруу чечими депутаттардын кайрылуусунан кийин кабыл алынды"

"Жогорку Кеңештин Регламенти жана депутаттык этика боюнча комитет парламенттин 4-чакырылыштагы депутаты Санжар Кадыралиевдин үй-бүлөсүнө келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндөгү токтомун Жогорку Кеңештин депутаттар тобунун кайрылуусунун негизинде жокко чыгарууну сунуштоо чечимин кабыл алды. Мындай чечим комитеттин 2013-жылдын 24-сентябрында өткөн жыйынынын жыйынтыгы боюнча кабыл алынды", - дейт аталган комитеттин төрайымы Айнуру Алтыбаева.

Алтыбаева Кадыралиевдин үй-бүлөсүнө компенсация төлөп берүүгө байланышкан токтом 2013-жылдын 27-июнунда – парламенттин бешинчи сессиясынын эң акыркы өтө оор күнүндө өткөн жыйында кабыл алынганын айтты. Ошол эле күнү бир катар депутаттар Жогорку Кеңештин төрагасына оозеки кайрылып, андан соң Жогорку Кеңештин Регламенти жана депутаттык этика боюнча комитеттин дарегине кат жөнөткөнүн кошумчалады эл өкүлү.

 

"Алтынчы сессия башталар замат депутаттар тобунун ал кайрылуусу Жогорку Кеңештин Регламенти жана депутаттык этика боюнча комитеттин күн тартибине киргизилген. Талкуу жүрүшүндө депутаттар компенсацияга берилчү каражаттын 2013-жылдын бюджетинде каралбаганын, республикалык бюджеттин таңсык болуп келатканын эске алуу зарылдыгын билдирди",- дейт Алтыбаева.

 

Алтыбаева депутаттар тарабынан ал токтом каржылык каражатка байланыштуу маселе болгондуктан өкмөттүн, тагыраак айтканда, Каржы министрлигинин, Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин өкүлдөрү менен да биргелешип талкуулап көрүү тууралуу пикирлер айтылганын баса белгиледи.  

Талкуу жыйынтыгында Жогорку Кеңештин Регламенти жана депутаттык этика боюнча комитет мурда кабыл алынган парламенттин С.Кадыралиевдин үй-бүлөсүнө компенсация төлөп берүү жөнүндөгү токтомун жокко чыгаруу жөнүндө токтом долбоорун иштеп чыгуу жана аны Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү чечимин кабыл алганын айтты депутат.

 

Эске салсак, 2013-жылдын 27-июнунда Жогорку Кеңештин 5-сессиясынын акыркы отуруму өтүп, депутаттар жайкы каникулга тарашкан. Бул күнкү жыйында эл өкүлдөрү ондогон мыйзам, токтомдорду кабыл алышкан. Алардын катарында ЖКнын мурунку чакырылышында "Ак жол" партиясынан депутат болгон, маркум Санжар Кадыралиевдин үй-бүлөсүнө компенсация төлөөгө жана анын апасына "Баатыр эне" наамын берүүгө ылайыкталган токтом да кабыл алынган. Токтомдо Кадыралиевдин үй-бүлөсүнө 10 миллион сом компенсация төлөө тууралуу сөз болот. Бирок добуш берүү учурунда депутаттар бул документтин маңызын түшүнбөй эле добуш берип коюшуптур. Андагы экс-депутаттын апасына "Баатыр эне" наамын берүү, ири суммадагы компенсация тууралуу эл өкүлдөрү добуш бергенден кийин гана билишип, токтомду жокко чыгарууну талап кылышат.  

Бул токтом 24-сентябрда ЖКнын Регламенти жана депутаттык этика боюнча комитетинде талкууланып, ызы-чуу менен коштолду. Жыйынтыгында комитет аталган токтомду жокко чыгаруу чечимин кабыл алышты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан