"Аксы районунда Өзбекстандын чек арачылары кыргыз тараптын телевышкасын басып алышыптыр",- деп билдирди депутат Курманбек Осмонов ЖКнын 26-сентябрдагы жыйынында. Аксы районундагы жарандардан 2-3 жолу телефон чалуу болгонун айткан депутат "Алар "маселени чечип бергиле, эки тараптын чек арачылары тирешип турат" дешүүдө. Аймактагы жашоочулар топтолушуп жогорку бийликке кайрылуу жолдошуптур" деп билдирди. Муну уккан төрага Асылбек Жээнбеков жыйынды башкарып турууну орун басарына тапшырып "мен бул ишти иликтеп, тийиштүү органга тапшырма берейин" деп залдан чыгып кетти.
Аталган райондун акиминин орун басары Айжан Чилетировага байланышсак буларды билдирди:
"Ооба, бүгүн чогулган тургундар менен район жетекчилиги жолугуп сүйлөштү. Алар "көйгөйдү бир аптадан бери чечип бербейсиңер" деп нааразы болушту. Бул боюнча жогорку бийликке кайрылуу жолдонду. Ал эми кыргыз-өзбек чек арачылары тирешип турат дегени туура эмес. Эки тарапта тең аскерлер турушат, чек арадагы көзөмөл күчөтүлдү".
Эске салсак, 22-сентябрда аталган тоодо жайгашкан станцияга өзбекстандык чек арачылар тик учак менен келишип, станциянын такталбаган аймакта жайгашканын айтышкан. Алар ал жердеги кызматкерлердин аты-жөнүн жазып алышканы айтылган эле. КРнын коргоо, коопсуздук жана чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министри Токон Мамытов өзбек чек арачыларын станциянын аймагынан чыгып кетүүнү талап кылып жатканын кабарлаган болчу.