Эртең, 1-декабрда оппозициядагы партиялар жана коомдук кыймылдар биригүү боюнча жыйынга чогулушат. Маалым болгондой, жыйын Бишкек шаарындагы Кожомкул атындагы Спорт Сарайында өтмөкчү. Жергиликтүү ММКларга "БЭК" саясий партиясынын төрагасы Руслан Бекназаров "жаңы бириккен оппозиция кетсин!" деп көчөгө чыкпай, бийлик менен бирге отуруп, сүйлөшүү жолу менен иштеген конструктивдүү оппозиция болору тууралуу маалымат берди. Эртеңки жыйынга биригүү үчүн "Ата Журт", "Республика" баш болгон 7 саясий партия жана коомдук кыймылдар чакырылган.