"Борбордук Азиядагы тынчтык жана өнүгүү институту" коомдук фондунун төрагасы Бакытбек Жумагулов президенттик шайлоого аттануудан баш тартты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бүгүн, 3-декабрда Бакытбек Жумагулов БШКга 2021-жылдын 10-январына мөөнөтүнөн мурда дайындалган президенттик шайлоого катышуу үчүн берилген документтерин кайтарып алуу үчүн кайрылды", - деп билдиришти мекемеден.
Бүгүн дагы 6 талапкер президенттик жарыштан баш тарткан болчу.