Президенттикке талапкерлер Абдил Сегизбаев, Элдар Абакиров жана Жеңишбек Байгуттиев БШКга кол топтогон барактарын тапшырышты

Тектеш кабарлар: Президенттик шайлоо - 2021 (143 материал)

Бүгүн, 3-декабрда президенттикке талапкерлер канча кол топтолгону боюнча маалымат берүүчү акыркы күн. Азыркы саатка карата кол топтогондордун катарын мурдагы УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаев, мурдагы Экономика министринин орун басары Элдар Абакиров жана Жеңишбек Байгуттиев толуктады.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, Абдил Сегизбаев 55 миң 480 кол топтогон. Ал эми Элдар Абакиров 43 миң 630 кол топтосо, Жеңишбек Байгуттиев 51 миң 896 кол топтогон.

Мыйзамга ылайык, бүгүн саат 23:59га чейин президенттикке талапкерлер 30 миңден кем эмес, 60 миңден көп эмес кол чогултуп БШКга тапшырышы керек. БШКнын кол коюу барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу тобу берилген кол тамгалардын аныктыгын текшерүүнү 8 календарлык күндө жүзөгө ашырат.

Буга чейин Арстанбек Абдылдаев, Садыр Жапаров, Бабыржан Төлбаев, Аймен Касенов, Курсан Асанов, Адахан Мадумаров, Кубан Чороев чогултулган тизмени БШКга өткөрүп беришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан