Президенттик шайлоо. Талапкер Темирлан Ормуков документтерин кайтарып алуу үчүн БШКга кайрылды

Тектеш кабарлар: Президенттик шайлоо - 2021 (143 материал)

Президенттикке талапкер Темирлан Ормуков документтерин кайтарып алуу үчүн БШКга кайрылды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, 2020-жылдын 7-декабрында талапкер Темирлан Иниятович Ормуков Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына 2021-жылдын 10-январына дайындалган президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу үчүн берилген документтерин кайтарып алуу үчүн кайрылганы маалымдалат.

2020-жылдын 24-ноябрына карата Кыргыз Республикасынын президентинин кызмат ордуна бардыгы 47 талапкер көрсөтүлгөн. Ал эми 7-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясы 13 талапкердин документтерин кайтарып бергени айтылган.

Маалым болгондой, шайлоо алдындагы үгүт иштери 15-декабрдан баштап жүргүзүлөт. 7-декабрда талапкерлердин документтерди тапшыруусу соңуна чыкты. Учурда БШКнын жумушчу тобу президенттикке талапкерлер колдоочуларынан чогулткан кол тамга баракчаларын текшерүү процессин жүргүзүп жатат. Кол тамгаларды тапшыруунун мөөнөтү 3-декабрда аяктаган.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан