БШК 6 миллион сомдон ашык каражатка көчмө урналарды сатып алат

Тектеш кабарлар: Президенттик шайлоо - 2021 (143 материал)

БШК мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого жана башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумга карата 6 миллион сомдон ашык каражатка көчмө урналарды сатып алат. Мындай маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланган.

Андагы маалыматка ылайык, 6 миллион 347 миң 250 сомго 2015 даана көчмө урна сатып алуу пландалууда. Сынактык арыздарды кабыл алуу мөөнөтү 25-декабрга чейин белгиленип, урналарды келишим түзүлгөн күндөн тартып 7 календарлык күндүн ичинде алып келип берүү талабы коюлган.

Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого жана башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум 2021-жылдын 10-январына белгиленген. Учурда президенттик тактыга 18 талапкер ат салышууда. Ал эми референдумда президенттик же парламенттик башкаруу формасын тандоо же баарына каршы добуш берүү сунушталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан