Эл аралык КВН союзунун орто азиялык лигасынын финалында чемпиондук үчүн кыргызстандык 2 команда ат салышат

Эл аралык КВН союзунун орто азиялык Лигасынын финалында чемпиондук үчүн 2 кыргызстандык команда ат салышат. Алар - "Тамашоу" жана "Кыргыздар" командалары. Финал 2-декабрда Астана шаарында өтөт. Жалпысынан аталган чечүүчү оюнга 6 команда тандалып алынган: "Кыргыздар" (Кыргызстандын КВН курама командасы, Бишкек), "Разборная Ростова", (Ростов-на-Дону шаары, Орусия), "Армяндардын союзу" (Орусиянын армяндарынын союзу), "Тамашоу" ("Тамашоу" курама командасы, Бишкек), "Тагил" (Нижний Тагил шаары, Орусия) жана "Вне закона" (Астана шаары, Казакстан). Финалдын жеңүүчүлөрү Орусиянын Биринчи каналында көрсөтүлчү КВНдин Жогорку Лигасында ойноо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Кошумчалай кетсек, финалдык таймаш Астанадагы Конгресс-Холлдо саат 19:00дө башталат. Төмөндө "Тамашоу" командасынын жарым финалындагы чыгуусунан үзүндү кыстарылды.

Тамашоу 1-2 финал Астанада, Александр Масляковдун лигасы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
fanat.kg
2012-11-30 19:38:32
Алга Тамашоу!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан