Бүгүн, 3-октябрда Каракол шаарында мугалимдердин кесиптик майрамы белгиленет. Муну облустук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Жеңиш Урумов билдирди. Айтымында, иш-чара облустук К.Жантөшев атындагы музыкалык драма театрынын концерттик залында өтүп, ага облус башчы Эмилбек Каптагаев жана облустагы 70тей мугалим катышат. Ошондой эле алдынкы мугалимдерге облус башчы грамота жана акчалай сыйлыктарды тапшырмакчы.