Шайлоодо атаандаштарынан ат чабым алдыга кеткен Садыр Жапаров тууралуу эмнелер белгилүү?

Кыргыз өлкөсүндө кечээ, 10-январда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана башкаруу формасын тандоо боюнча референдум өттү. Президенттик такты үчүн 17 талапкер ат салышып, болжолдуу жыйынтык боюнча 79.24% пайыз добуш менен Садыр Жапаров алдыга озуп чыкты.

52 жаштагы Садыр Жапаров Кыргыз өлкөсүнүн тарыхында алтынчы президент болушу мүмкүн.

Өмүр баяны:

Садыр Жапаров 1968-жылы 6-декабрда Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Кең-Суу айылында туулган. 1986-жылы орто мектепти аяктап, ошол эле жылы Фрунзе шаарындагы Дене тарбия жогорку окуу жайына өткөн. 1987-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылып, 1989-жылга чейин Новосибирск шаарында радиотелеграфисттер бөлүмүнүн командири болуп кызмат өтөгөн. "Советтик Армиянын отличниги" деген наам алган. 1989-жылдан 1992-жылга чейин кайрадан Дене тарбия институтунда билим алуусун уланткан. Экинчи жогорку билимин, Кыргыз-Орус Славян университетинде алып, аталган университеттин юридикалык факультетин ийгиликтүү аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 1991-1994-жылдары дыйкан чарбанын жетекчиси болуп эмгектенген.
  • 1994-1996-жылдары Каракол шаарында жайгашкан “Керкей” ишканасынын башчысы.
  • 1996-2001-жылдары “Гузель” ишканасынын башкы директору.
  • 2001-2005 жылдары Балыкчы шаарында жайгашкан “Нурнефтегаз” нефтини кайра иштетүүчү кичи заводун куруп, ал ишканада башкы директорлук кызматын аркалаган.
  • Садыр Жапаров чоң саясатка 2005-жылы “Жоогазын” революциясынан кийин аралашкан.
  • 2005-жылы март айында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин III чакырылышынын депутаты болуп өзү туулуп-өскөн Түп районунан шайлаган.
  • 2006-жылы мамлекеттик сыйлыктарды берүү боюнча комиссиянын мүчөсү, 2007-жылы Ырайым берүү комиссиясынын төрагасынын орун басары болуп иштеген.
  • Экинчи класстагы мамлекеттик кеңешчиси. 2007-жылы 22-октябрда президент Курманбек Бакиевдин буйругу менен парламент тарап, Садыр Жапаров депутаттык ишмердүүлүгүн токтоткон.

  • 2010-жылы 7-апрель революциясынан көп өтпөй Ош жана Жалал-Абад шаарларындагы улуттар аралык жаңжалда Садыр Жапаров өзүнүн жакын санаалаштары менен бирдикте башаламандыкты токтотуп, тынчтыкты орнотушат. 2010-жылдын күзүндө парламенттик шайлоодо “Ата Журт” партиясынан депутат болуп шайланып, соттук-укуктук реформалар боюнча комитет төрагалыгына бекитилет. 2012-жылы депутат катары Ысык-Көлдөгү көйгөйлөрдү жана жалпы эле кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгы үчүн “Кумтөр” алтын кениндеги коррупциялык схемалардын айыбын ачуу менен катар экологиялык көйгөйлөрдү, компанияны улутташтыруу демилгесин парламентте байма-бай көтөрүп чыгат.

  • Ушул кадамдары менен Садыр Жапаров коомдук ишмер катары калың элге кеңири таанылат. 2012-жылдын күз айында өткөн митинг үчүн Камчыбек Ташиев жана Садыр Жапаровго Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 295-статьясы («бийликти күч менен басып алууга аракеттер көрүлгөн») боюнча айыпталышып, иш козголгон соң бир жыл жана алты айга эркинен ажырайт.

  • Бирок 2013-жылы март айында Бишкек шаардык соту тарабынан акталып, сот залынан бошотулат. 2013-жылы 27-июнда Каракол шаарында “Кумтөр” маселеси боюнча эл митингге чыгып, ошол кездеги Ысык-Көл облусунун губернатору Эмилбек Каптагаев барымтага алынат.
  • Бул иш боюнча Кубанычбек Кадыровду жана митингдин уюштуруучуларынын айрымдарына иш козголуп, Садыр Жапаров өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Кийинчерээк Ысык-Көл облусунун губернатору Эмилбек Каптагаев бул ишке Садыр Жапаровдун күнөөсү жок экенин билдирген. Садыр Жапаров төрт жыл бою Польша мамлекетинде жашап, 2017-жылы Кыргыз өлкөсүнө кайтууга даярданып жатканын интернет аркылуу билдирет.

  • 2017-жылдын 25-март күнү кыргыз-казак чек арасынан Садыр Жапаров түз эле УКМКнын абагына жеткирилип, “массалык башаламандык уюштурган жана бийлик өкүлдөрүн Эмилбек Каптагаевди барымтага алган” - деп 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. 2020-жылдын 5-октябрь күнү бийлик өз ресурстарын колдонду, парламенттик шайлоо болуп көрбөгөндөй бурмаланып, акыйкатсыз өттү деген калың эл аянтка нааразычылык акциясына чыгышып, 5-октябрдан 6-октябрга оогон түнү жалаң жаштардан турган топ саат 02:30да ак үйдү басып алышат. Ошол эле учурда көптөгөн элдин колдоосу менен Садыр Жапаров жаза мөөнөтүн өтөп жаткан №1чи колониядан бошотулуп, “Достук” мейманканасында өлкөнүн премьер-министри болуп дайындалат.

  • 2020-жылы 15-октябрда Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бийликти өз каалоосу менен өткөрүп бергенден кийин парламенттин колдоосу аркылуу Садыр Жапаров – Кыргыз Республикасынын президентинин жана премьер-министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалат. Садыр Жапаров – 2020-жылдын 14-ноябрь күнү мамлекеттик жооптуу кызматтарга бир катар кызматкерлерди дайындоолор үчүн буйрукка, анын ичинде Мамлекеттик Чек ара кызматын УКМКнын курамына кошулуусуна буйрукка кол койгон соң, 2021-жылдын 10-январында өтө турган Кыргыз Республикасынын президенттик шайлоосуна талапкерликке аттануу үчүн арыз жазып, президенттин жана премьер-министрдин милдетин аткаруучу кызматын өткөрүп берген.

Сыйлыктары:

  • 2008-2010-жылдары Коррупцияга каршы күрөш боюнча Улуттук агенттикте комиссар болуп эмгектенет. 2009-жылы мамлекет алдында сиңирген эмгеги жана Ысык-Көл облусун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрациясынын медалы менен сыйланган.
  • 2010-жылы Орусиялык Ооганстан ардагерлер Союзунун атынан Орусия Борбордук башкармасынын “Ата Мекендин жана Ата Журттун алдындагы сиңирген эмгеги үчүн” медалы менен сыйланган.

Жеке жашоосу:

  • Үй-бүлөлүү. Беш баланын атасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
NURSAPAR
2021-01-11 11:54:49
Ушунча элдин ишенимин аткар Садыр. Иштериң ийгиликтүү болсун.
+6
sultan89
2021-01-11 12:10:01
NURSAPAR,ок,айтып койом
+6
Simels
2021-01-11 12:13:51
Биздин элге ынтымак жана бакубат жашоо, мамлекетибизге жаркын келечек! Садыр Нуркожоевичке ден-соолук, дем-күч, кажыбас-кайрат жана мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы үчүн чоң-чоң ийгиликтер жана жеңиштер!
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан