Бишкекте "электрошокердин жардамы менен зордуктоого аракет кылган" деген шек менен 43 жаштагы жаран кармалды

Бишкек шаарында "электрошокердин жардамы менен зордуктоого аракет кылган" деген шек менен 43 жаштагы жаран кармалганын Бишкек шаардык ИИББинин басма сөз кызматы билдирди. Аталган органдан маалымдашкандай, 22-ноябрь күнү 28 жаштагы айым таңкы 5терде үйүнө жетүү үчүн таксиге отуруп, уктап калган. Бирок айдоочу айтылган дарек боюнча жеткирбей, жолдон унаасын токтотуп, электрошокер жана күч колдонуу менен зордуктап койгон. Учурда мурун дагы адам өлтүрүү фактысы менен соттолгон Ак-Өргөө конушунун 43 жаштагы тургуну кармалып, Кылмыш кодексинин 129-беренеси (зордуктоо) боюнча кылмыш иши козголду.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан