2020-жылдын 4-октябрында өткөн парламенттик шайлоого катышкан партиялардын 5 миллион сом өлчөмүндөгү шайлоо күрөөлөрү кайтарылып берилиши мүмкүн. Маалыматты SUPER.KG порталына Борбордук шайлоо комиссиясынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Адилет Шаршеналы уулу билдирди.
"4-октябрдагы шайлоого катышкан партия өкүлдөрү шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү боюнча БШКга кат жөнөтүшкөн. Бирок мыйзамга ылайык, шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылса, күрөө кайтарылбайт. Андыктан шайлоо тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору иштелип чыгып, учурда ал коомдук талкууга коюлду. Андан кийин мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште каралат. Ал кабыл алынса шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылганына карабастан күзүндөгү шайлоого катышкан партияларга 5 миллион сом өлчөмүндөгү күрөөсү кайтарылып берилет. Ал үчүн партиялар жалпы шайлоочулардын 1 пайыздан жогору добушуна ээ болушу керек" , - дейт Адилет Шаршеналы уулу.