30-ноябрь күнү саат 23:00 чамасында Кемин районунда автокырсык катталып, бир адам каза болгонун Чүй облустук ИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти. Бишкек-Торугарт жолунда келе жаткан Ауди-100 унаасынын 27 жаштагы айдоочусу Чым-Коргон айылынан 39 жаштагы жергиликтүү тургунду сүзүп алган. Кырсыктын жыйынтыгында жабырлануучу айым ооруканага жетпей каза болгон. Учурда бул иш боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.