Орусиялык Megastar.co.uk порталы картошканы бышыруудагы негизги каталарды атады. Маалыматта айтылгандай, картошка ашканада эң көп керектелген азыктардын бири жана ал дээрлик бардык тамактарды жасоодо колдонулат.
Картошканы бышырууда кетирилген каталардын эң негизгиси - белгилүү бир тамак үчүн картошканы туура эмес тандоо. Анткени картошканын тамак жасоодо ар кандай максатта колдонула турган түрлөрү бар. Ошондуктан ар бир тамак үчүн ылайыктуу картошканы сатып алуу сунушталат.
Андан кийинки катачылык - картошканы максималдуу отто кайнатуу. Бул картошканын сыртына ысык суу сиңип, ортосуна суу өтпөй, нымдуу бойдон калуусуна алып келет. Порталдын маалыматында картошканы бышыруунун оптималдуу убактысы анын көлөмүнө жараша болушу шарт. Жасалып жаткан тамак жакшы болуш үчүн пюре акырындык менен жана жай отто кайноосу талапка ылайык. Ошондой эле картошканы өтө төмөн температурада бышыруу да болбойт.