Сокулук районундагы автокырсыктан 2 адам каза болгонун ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. 1-декабрь күнү саат 23:30 чамасында Дэн Сяопин жана Камчат көчөлөрүнүн кесилишинде Ауди-100 жана Жип-Рентон унаалары кагылышкан. Кагылышуудан Ауди-100 унаасындагы 1969-жылы туулган Ф.Ширалиев жана 1986-жылы туулган С.Ширалиев окуя болгон жерден каза болушса, бир адам жаракат алып ооруканага жеткирилди.