Тогуз-Торо районундагы атышуудан өспүрүм жабыркады

Тогуз-Торо районундагы атышуудан өспүрүм жабыркаганын ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Үстүбүздөгү жылдын 1-декабрында түнкү саат 23:00 чамасында Казарман айылында азиат түспөлүндөгү эки жаран мыйзамсыз сакталып жүргөн курал менен мас абалында атыша баштаган. Жыйынтыгында 1995-жылы туулган К.К. жабыркап, аймактык ооруканага жеткирилген. Райондук милициянын ыкчам бөлүмү ошол эле түнү эки жаранды кармап, текшерүү маалында бирөөсүнөн Макаров үлгүсүндөгү тапанча табышкан. ИИМдин маалыматына ылайык, табылган тапанча 2010-жылы 6-7-апрелде Талас облусунда болгон окуяда жоголгону айтылууда. Ал эми кармалган 1989-жылы туулган Б.у.О. жана 1993-жылы туулган А.у.Ага Кылмыш кодексинин 241-берене (куралды мыйзамсыз сактоо, атуу) жана 104-берене (бирөөнүн ден соолугуна зыян алып келүү) боюнча кылмыш иши козголуп, камакка алынды. Учурда тергөө иши жүрүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан