Бишкекте илбирсти сактап калуу боюнча эл аралык кеңешме-жыйын жыйынтыкталды

Кечээ Бишкекте илбирсти сактап калуу жана коргоо боюнча 3 күнгө созулган эл аралык кеңешме-жыйын өз ишин аяктады. Жыйындын башкы жетишкендиги “Илбирстерди жана алардын тоолуу экосистемдерин сактоо боюнча сунуштамалардын” кабыл алынышы болду. Аталган документ “Илбирсти сактоо боюнча глобалдык программанын” келечектеги ишинин негизи болуп калмакчы. Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын башында президент Алмазбек Атамбаев 2013-жылы Кыргызстанда Жер шарында илбирстерди сактап калуу боюнча Бүткүл дүйнөлүк форум өткөрүү демилгесин көтөрүп чыккан. Ошондой эле бүгүн жана эртең Бишкекте өтүүчү ШКУнун Кеңешинин алкагында илбирсти сактоо боюнча аталган уюмга кирген өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын деңгээлинде талкуу болуусу күтүлүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан