Токмокто 16 жаштагы жигитти сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды

Токмок шаарында автокырсык катталганын Чүй облустук ИИББдин басма сөз кызматы билдирди. 1-декабрь күнү эртең мененки 9дар чамасында белгисиз айдоочу 16 жаштагы Б.уулу.Эни сүзүп, биринчи медициналык жардам көрсөтпөстөн окуя болгон жерден качып кеткен. Жабырлануучу аймактык ооруканага жеткирилген. Аймактык укук коргоо кызматкерлеринин издөө иштеринен кийин качып кеткен айдоочу Токмок шаарынын 1968-жылы туулган Ш.А. аттуу тургуну экени аныкталып, колго түшүрүлдү. Учурда анын Ауди-100 унаасы атайын токтоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан