Асылбек Жээнбеков: "Кыргызстан жайыттарды натыйжалуу пайдалануу боюнча КМШда алдынкы орунда турат"

3-декабрда ЖКнын төрагасы Асылбек Жээнбековдун катышуусунда “Суусамыр өрөөнүндөгү жайыттарды ийгиликтүү башкаруу практикасы жана “Электрондук жайыт комитети” автоматташтырылган тутуму” аттуу илимий-практикалык конференция болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн ЖКнын басма сөз кызматы билдирди. Илимий-практикалык конференцияда А.Жээнбеков жайыттарды натыйжалуу пайдалануу жаатында Кыргызстан коңшу мамлекеттерден алдыда экенин айтып, “Жайыттар жөнүндө” мыйзамды кабыл алуу көп аракет талап кыларын айтты. Жайыттар илгертеден которулуштуруп пайдаланылып келгендигин, Кыргызстан агрардык өлкө экенин белгилешкен депутаттар Роза Акназарова, Эркингүл Иманкожоевалар бул тутумду колдоо зарылдыгын билдиришти. Жыйынтыгында айтылган ой-пикирлердин негизинде Суусамыр өрөөнүндө пилоттук долбоор менен практикаланган мындай тутумду башка аймактарга да колдонуу боюнча сунуштар кабыл алынды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан