Кыргызстанда Чыңгыз Айтматов атындагы төш белги түзүлөт. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматта айтылгандай, "Чыңгыз Айтматов атындагы төш белги жөнүндө" мыйзам долбоору жакында жалпы талкууга алынып чыгылат. Төш белги улуу жазуучунун мурасын сактоо максатында түзүлүп, маданият, илим, адабият жана искусство жаатында өнүгүүгө чоң салымын кошкон инсандарга ыйгарылат.