Равшан Жээнбеков: "Өкмөт "Кумтөр" боюнча үлүш 50 пайыз болбойт деди, "Центерра" да 50 пайыз болбойт деди. Биз эми кандай сүйлөшүүгө барабыз?" дейт

ЖКнын депутаты Равшан Жээнбеков "Кумтөр" боюнча "Центерра" менен сүйлөшүү жүргүзүү үчүн өкмөткө дагы убакыт берүү туура эмес деген ойдо. "Өкмөт айтып жатат "кыргыз тараптын үлүшүн 50 пайыздан ашырууга мүмкүн эмес" деп. "Центерранын" президенти Ян Аткинсон да айтты "50 пайыздан ашыра албайбыз" деп. Биз эми кайсы сүйлөшүүгө баратабыз? Менимче, бул маселени кайрадан карап чыгыш керек",- деди депутат. Р.Жээнбеков башкы прокурор Аида Саляновага кайрылып, 7-октябрдагы Караколдогу митингчилердин сабалышы боюнча жооп берүүсүн талап кылды. "Митингдин уюштуруучуларын шаардын четине алып чыгып, башына кап кийгизип сабашыптыр. Бул боюнча тергөө жүргүзүп, расмий түрдө бизге маалымат бериңиз",- деди депутат.   

 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан