Жети-Өгүз: Саруу айылынын тургундары талаптары менен президентке кайрылышат

Жети-Өгүз районунун Саруу айылынын тургундары жөө жүрүш менен Кызыл-Суу айылындагы райондук администрациянын имаратына келишти. Бул тууралуу 23-октябрда аймактык кабарчыбыз Жанат Туратбеков билдирди. Анын айтымында учурда Саруу айылында 400-500го чукул адам топтолуп турат. Тургундар тынчтык митингин улантып,  негизги коюп жаткан талаптарын өлкө башчы Алмазбек Атамбаевге жолдоп,  кайрылышарын айтып жатышат.  Анда 7-октябрда Караколдогу башаламандыкты уюштурду деп кармалган балдарды бошотуу жана Кумтөр келишимин жокко чыгаруу айтылат.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан