Канаданын Британ Колумбиясы аймагында жашаган Наташа Лавуа күн сайын ондогон бейтааныш чалууларды алып жатат. Мунун баары бир футболкадагы ойдон чыгарылган "жоголгон мышык" жарыясынын айынан экенин чет өлкөлүк басылмалар жазышты.
Футболкада "Торбо" деген мышык жоголгону тууралуу жазылып, анын жанында чыныгы телефон номери көрсөтүлгөн. Бул номер - Наташанын өзүнө таандык. Бирок анын мышыгынын аты - Маузер, ал эч жакка жоголгон эмес.
"Күн бою кызык чалуулар түшүп жатат. Адамдар мышыкты таптык деп сүйүнүп чалып, акчалай сыйлык сурашат. Бирок менин мышыгым үйдө, кондиционердин алдында жыргап жатат",- деди Наташа CBC News каналына берген маегинде.
Компания бул ката атайылап жасалбаганын айтып, футболканы интернет дүкөндөрдөн алып салышканын билдиришти.