3-декабрь күнү саат 22:30дарда Санкт-Петербург шаарында кыргыз жараны көп кабаттуу үйлөрдүн биринин 14-кабатынан боюн таштап каза болду. Бул тууралуу Орусиянын ММКлары маалымдайт. Маалыматка ылайык, каза тапкан мырзанын мындан 6 ай мурун да өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет жасаган. Кошумчалай кетсек, каза болгон жаран Орусияда жубайы, 2 уулу жана 4 небереси менен жашачу.