Караколдо 18 жаштагы кыз төрөтканада каза болду

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында 18 жаштагы кыз төрөтканада каза болду. Маркумдун жакындары кыздын өлүмүнө дарыгерлерди айыптаган видео интернетке тарады.

Социалдык тармакка чыккан видеонун негизинде аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши жүрүп жатат. Бул туурасында Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашып, дарыгерлер, медайымдар суралып жатканын билдиришти.

Ал эми жабырлануучулар арыз менен укук коргоочуларга расмий кайрыла элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Pankration_MMA
2021-08-03 14:09:10
Кызбы же келинби?
-1
Liliia
2021-08-03 14:11:08
Кичине жашта олуп атса, анда кичине жашта эрге бербеш керек эле. Озунор жашына карабастан эр калбай кала тургансып эрге берип жибересинер. Баккандан качасынарбы билбейм,эртерээк эрге берип жиберсек эри багат да деп кутулууга шашып
-2
EddieNigma
2021-08-03 14:20:21
Liliia,18 жаш кичинеби? Айша энебиз (радыйаллаху анха) 6 жашында пайгамбарыбызга (алейхи салам) турмушка чыккан.
-5
Liliia
2021-08-03 19:24:53
EddieNigma,кичине тороп атып каза болсо значит 16-17 жашында турмушка чыккан. Айша эненер 6 жашында турмушка чыкса бергиле анда силер да 6 жаштан баштап кыздарынарды. Ал башка заман азыр башка заман Айша энендин маалында жашап аткан жокпузго.
+2
Kg2020
2021-08-04 13:18:42
EddieNigma,жиндисинби,ушул калп кантип болсун,бой жеткенде эле чыккан турмушка,билбесен изилдеш керек
+1
Aky12
2021-08-03 21:53:15
Баардык эле ооруканаларга барсан,так ушундай корунуш. Врач,медсестра,даже санитаркасы да сырттан кирип баратканда эле жаман коздору менен карашат,жумшак суйлоп,келиниз,каериниз ооруйт деп сурап койгонго жарашпайт
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан