Бишкекте органикалык жана экологиялык жактан таза азык-түлүктөрдүн көргөзмөсү болот
Бишкекте 5-6-декабрь күндөрү Кыргызстандагы органикалык жана экологиялык жактан таза деп эсептелген азык-түлүктөрдүн көргөзмөсү өтөт. Иш-чара Биринчи улуттук органикалык форумдун алкагында "Органикалык айыл чарбасынын кыймылы жана КРдагы жашылдандыруу экономикасынын потенциалы" деген темада өткөрүлөт. Көргөзмө Улуттук тарых музейинде орун алып, мөмө-жемиштер, дары чөптөр жана башка азык-түлүк түрлөрү коюлат.