Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы ФИФАнын (Эл аралык футбол ассоциациясы) жаңыланган рейтингинде 101-орунга жайгашты Жаңыланган рейтинг ФИФАнын сайтына жарыяланды.
Рейтингге 210 өлкө кирет. Анын ичинен "Ак шумкарлар" 1 миң 223 упайы менен 101-орунду камсыздады
ФИФАнын жаңыланган рейтингинин сап башында Бельгия (1822 упай) командасы жайгашса, Бразилия (1798 упай) курамасы экинчи орунга жана Франция курамасы (1762 упай) үчүнчү орунга жайгашты.
2-сентябрда "Ак шумкарлар" жолдоштук беттештин алкагында Палестина курамасына каршы ойнойт. Оюн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.