Ысык-Көлдө Бишкек шаарынын тургундары уурдоого жана тоноого шектелип кармалды

Ысык-Көл облусунда Бишкек шаарынын тургундары уурдоого жана тоноого шектелип кармалышты. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-августта Ысык-Көл РИИБине арыз менен Бактуу-Долоноту айылынын 22 жаштагы жашоочусу кайрылып, болжол менен түнкү саат 00:30 чамаларында Бостери айылында жайгашкан кафелердин биринде белгисиз адамдар сумкасын уурдап кеткендигин жана анын ичинде акча каражаты, ошондой эле аялдарга тиешелүү болгон буюмдар бар экендигин билдирген.

"Арыз ээсинин айтуусу боюнча материалдык зыян 15 миӊ сом болгон. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Жүргүзүлгөн тергөө ыкчам иштеринин натыйжасында, аталган кылмышка шектүү катары Бишкек шаарынын 32 жаштагы тургуну К.А. кармалган. Учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары кармалган жарандын башка уурдоого болгон катыштыгы текшерилүүдө.

6-августта Бостери айылдык милиция бөлүмчөсүнө арыз менен 1999-жылы төрөлгөн Чүй облусунун Сокулук айылынын тургуну А.Д. кайрылып, болжол менен саат 20:00 чамаларында көл жээгинен 20-25 жаштагы бейтааныш төрт бала келип, андан күч колдонуу менен 60 миӊ сом акча каражатын тартып алышканын айтып кайрылган.

Андан кийин окуя болгон жерден белгисиз тарапка качып кетишкенин билдирген. Бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө ыкчам иштери жүргүзүлүп, кылмышка шектүү катары Бишкек шаарынын 19 жашар тургуну Ч.Т. кармалган. Азыркы учурда тоноого катышкан 3 жаранды аныктоо боюнча иштер жүрүүдө", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан