Кыргыз өлкөсүнөн барган кыз-келиндер жана эркин күрөш боюнча курама команда КМШ оюндарында 10 медаль жеңди. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, кыздар арасында 55 килограмм салмактык категорияда Калмира Билимбек кызы алтын медалга, Назира Марсбек кызы ( 62 килограмм) жана Нураида Анаркулова (59 килограмм) күмүш медалга ээ болушту. Ошондой эле Бермет Нурдин кызы (57 килограмм), Нурзат Нуртаева (72 килограмм) жана Назик Мирлан кызы (50 килограмм) КМШ оюндарынын коло байгесинин ээси аталышты.
Эркин күрөш боюнча 57 килограмм салмактык даражада Алмаз Сманбеков жана Икромжон Хаджимурадов (65 килограмм) күмүш медаль тагынды. Мындан сырткары Тайырбек Жумашбек уулу ( 61 килограмм), Нуртилек Карыпбаев (86 килограмм) жана Айбек Токтогул уулу ( 70 килограмм) коло байгеге ээ болушту.
Спортчулар башкы машыктыруучулар Үсөнаалы Рыскулов, Суймөнкул Таабалды уулу жана Исламбек Тазабековдун жетекчилиги алдында чыкты.
Белгилей кетсек, мелдештер 2-сентябрда старт алган жана 11-сентябрга чейин уланат. Жалпы 16 спорттун түрүнөн 182 комплект медаль ойнотулат.