ЖЫЛНААМА, 18-сентябрь: СССРдин Баатыры, генерал-майор Дайыр Асанов 87 жашында каза болгон

СССРдин Баатыры, генерал-майор Дайыр Асанов 87 жашында каза болгон. Дайыр Асанов Нарын облусунун Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айылында 1922-жылы 30-майда туулган. 1941-жылы Ата Мекендик согуш башталганда Кыргыз өлкөсүнөн чакырылган 363 миң жарандын ичинде 19 жаштагы Дайыр Асанов да кандуу согушка аттанган.

1943-жылдын мартында Харьковдун чыгыш жана түндүк-чыгыш тарабындагы кандуу салгылашта Дайыр Асановдун артиллериялык тобу Чугуевск районунун Пятницкое айылында душмандар менен катуу салгылашкан. Дайыр Асанов 8 танкты, 6 бронемашинаны жана 40тан ашуун куралчандарды жок кылган. Анын бул эрдиги жогору бааланып, 1943-жылдын 26-октябрында ага Советтер Союзунун Баатыры деген наам ыйгарылган. Ал тарыхый Сталинград салгылашуусуна да катышкан.

18-сентябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан