Жылнаама, 11-ноябрь: Бильярд боюнча Дүйнө чемпиону Каныбек Сагынбаев жана америкалык актёр Леонардо Ди Каприо туулган

*1985-жылы Каныбек Сагынбаев жарык дүйнөгө келген  (28 жыл мурун). Айта кетсек, “Супер-Инфонун” тандоосу боюнча 2011-жылдын “Супер спортчусу”, бильярд боюнча Дүйнөнүн 4 жолку чемпиону Каныбек Сагынбаев 1985-жылы 11-ноябрда Бишкек шаарында туулган. 8 жашында кий кармап, 13 жашында бильярд боюнча Кыргызстандын чемпиондугун жеңип алган. 16 жашында Азия Кубогунда күмүш медаль жана жаштар арасында өткөн Дүйнө чемпиондугу менен катар Орусиянын Екатеринбург шаарында өткөн мелдеште жеңүүчү аталган. 

2008-жылы Кыргызстанда бильярд спортунун өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ошол убактагы КРнын Президенти Курманбек Бакиевден 3 бөлмөлүү батир белекке алган.

2012-жылы ноябрь айында Москвада өткөн "Кремль Кубогу" аттуу мелдештин финалында Каныбек Сагынбаев кумир туткан Евгений Сталёв менен кез келип, 3:0 эсебинде утуп келе жатып, бирок оюн 5:3 эсебинде орусиялык спортчунун пайдасына чечилген. Ошол эле жылы  биринчи жолу Бишкекте өткөн бильярд боюнча Дүйнө чемпиондугунун башкы уюштуруучусу болгон.

2013-жылы сентябрь айында Якутияда өткөн бильярддын "эркин пирамида" түрү боюнча Дүйнө чемпиондугунда 1/8 финалда 7:4 эсебинде жеңилип мелдештен четтеген. Мелдешке катышкан кыргызстандык спортчулардан Каныбек Сагынбаевдин көрсөткүчү жогорку болгон. 

         

*1974-жылы атактуу "Титаник" тасмасында башкы ролду жаратып, атагы чыккан америкалык актёр Леонардо Ди Каприо төрөлгөн (39 жыл мурун).

Леонардо Ди Каприо 1974-жылы 11-ноябрь күнү АКШнын Калифорния штатында Лос-Анжелесте жарык дүйнөгө келген. Леонардо 2,5 жашка толгондо атасы аны белгилүү болгон өспүрүмдөрдүн теле-шоусуна алып барган. Ошондо келечектеги актёр алгачкы ирет камерага түшкөн. 14 жашында актёр болууну чечкен Леонардо, өзүнө агент тапкан. Агентине Леонардонун өзгөчө чач жасалгасы менен анын ысымы жаккан. Ошол убакта 30га жакын роликке жана "Санта Барбара" сериялына бир нече ирет тартылган. 

1997-жылы Леонардо болуп көрбөгөндөй атактуулукка жетет. Анткени ошол жылы атактуу "Титаник" тасмасында башкы ролду жараткан. "People" журналынын версиясы боюнча Дүйнөдөгү эң сулуу 50 адамдын катарына кирген.

             

*1977-жылы Кыргыз мамлекеттик циркинин жаңы имараты ачылган (36 жыл мурун).

             

*2012-жылы Орусиянын актёру Илья Олейников дүйнө салган (1 жыл мурун).

10-ноябрда жогоруда айтылгандардан тышкары Кыргызстандын жана дүйнөнүн тарых барактарында  бир топ маанилүү окуялар камтылган.

Жылнаама толугу менен бул жакта...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан