"Лондон-2012" Олимпиадасынын катышуучусу Айсулуу Тыныбекованы сот 2 жылга эркинен ажыратты

Бишкек шаарынын Ленин райондук соту бүгүн Айсулуу Тыныбекова жана Розалия Тилегеновага карата чечим чыгарды. Сот аталган экөөнү Кылмыш кодексинин 234-беренеси (бейбаштык) боюнча күнөөлүү деп таап, Айсулуу Тыныбекованы 3 жылга, Розалия Тилегенованы 2 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарды. Бирок сот спортчу кыздардын мурун сот жообуна тартылбаганын эске алып, Айсулуу Тыныбекованы 2 жылга, ал эми Розалия Тилегенованы 1 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратты. Эске салсак, Айсулуу Тыныбекова менен Розалия Тилегеновага "17 жаштагы Ясмин Нурдин кызын сабап салышкан" деген айып тагылып, кылмыш иши козголгон. Окуя кыз-келиндер күрөшү боюнча КРнын улуттук курама командасынын мүчөсү Айсулуу Тыныбекованын "Лондон-2012" Олимпиадасына даярдык көрүп жүргөн кезинде Бишкек шаарында болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
JUROK
2012-12-06 12:09:01
Абдан окунучтуу.Айсулуу Тыныбекова жондон-жон Ясминди сабашы мумкун эмес.
0
Debi
2012-12-06 12:16:56
Мунун чын-бышыгын ким териштирет эми. Интервьюсун угуп ыраазы болдум эле. Жөндөн жөн эле тийишпегендир.
0
Krasnyi.kg
2012-12-06 13:32:17
Эркинен ажыратпай эле койсо болмок, озубуздун чемпиондорубузду ушундай кылып атсак, анан каяктан кыргыздан чемпион чыкмак эле., ясминага келсек алда бир нерсе деп тийишсе керекда
0
gooool
2012-12-06 16:51:23
Туура эмес иш болуп калыптыр,жондон жон дарактын башы кыймылдаба керек эле....
0
bektur-taalaibekov
2012-12-09 22:37:08
алимпиадага катышкан мыкты спортсменка кызыбызды да эркинен ажыратабы бул туууууура эмес ушундай болсо каякта бизден чемпиондор чыкмак эле сот чечими жок кылынсын ?????????????????????
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан