11-ноябрда айрым жерлерде жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метр, кээ бир райондордо 14 метрге, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет. Республика боюнча күтүлгөн абанын температурасы төмөндөгүдөй:
Чүй облусунда күндүз +11 градуска чейин жылуу, түнкүсүн -6 градуска чейин суук
Талас облусунда күндүз +10 градус, түнкүсүн -7 градуска чейин суук
Ош жана Жалал-Абад облустарында күндүз +13 градуска, ал эми түнкүсүн +5 градус жылуу
Баткен облусунда күндүз +12 градуска, ал эми түнкүсүн +4 градуска чейин жылуу
Ысык-Көл облусунда күндүз +8 градуска чейин жылуу, түнкүсүн -6 градуска чейин суук
Нарын облусунда күндүз +10 градуска чейин жылуу, түнкүсүн -9 градуска чейин суук
Бишкек шаарында күндүз +9 градуска чейин жылуу, түнкүсүн -4 градуска чейин суук
Борбор шаарда күндүз жаан жаайт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 14 метрге чейин жетет.
Тарых барактарына үңүлсөк, былтыр 2012-жылы 11-ноябрда Бишкекте күндүз +20 градус ысык болсо, ошол эле жылы Жалал-Абадда абанын температурасы күндүз +22 градус ысык болгон.