12-ноябрда айрым жерлерде жаандын жаашы күтүлөт.
Республика боюнча күтүлгөн абанын температурасы төмөндөгүдөй:
Чүй облусу. Күндүз +10°C, түнкүсүн -5°C
Талас облусу. Күндүз + 9°C, түнкүсүн -7°C
Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +15°C, түнкүсүн +4 °C
Баткен облусу. Күндүз +12°C, түнкүсүн +2°C
Ысык-Көл облусу. Күндүз + 5°C, түнкүсүн -5°C
Нарын облусу. Күндүз +10°C, түнкүсүн -8°C
Бишкек шаары. Күндүз +10°C, түнкүсүн -3°C
Борбор шаарда түнкүсүн жаандын жаашы мүмкүн.
Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.
Былтыр 2012-жылы 12-ноябрда Бишкекте күндүз +20 градус ысык болсо, ал эми 1960-жылы 12-ноябрда - 5 градус суук болгон.