Жогорку Кеңештин депутаты Абдумажит Юсуров мандатынан ажыратылды. Бул боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими чыкты.
Ал БШКга мандатын тапшыруу боюнча арыз менен кайрылган. Юсуров "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат болгон.
2007-2010-жылдары – IV чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты.
2015-жылы “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын тизмеси аркылуу VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.