Жылнаама, 13-ноябрь: Америкалык театр жана кино актрисасы Вупи Голдберг туулган

13-ноябрда америкалык театр жана кино актрисасы Ву́пи Го́лдберг туулган

Америкалык кино жана театр актрисасы, продюсер, сценарист жана телеапаруучу Вупи Голдберг (чыныгы аты-жөнү Кэрин Элейн Жонсон) Американын Нью-Йорк шаарында кедей үй-бүлөдө 1955-жылы 13-ноябрда туулган. Апасы Эмма мээрман айым жана мугалим болуп иштесе, атасы Роберт Жеймс диний кызматкер болгон.

Кэрин 8 жашынан тартып балдар театрында сахнага чыга баштайт. Бирок окууда жыргатпай, бир нече жыл ордунда калып жүрүп, акырында мектепти биротоло таштап салат. 1960-жылдан тарта хиппи кыймылына кошулуп кетет. Үйүнөн кетип, марихуана чегүүгө өтөт. Акырында андан да оор баңгизаттарына азгырылат. Көп жылдар бою эч жерде иштебей, жумушсуздарга берилүүчү жөлөк пулдун эсебинен жашайт. 1970-жылы Элвин Мартин аны баңгизатын таштоого көндүрөт. Экөө баш кошуп, Александра аттуу кыздуу болушат.

Кэрин 1974-жылы Сан-Диего шаарындагы театрдан орун таап, иштөө үчүн кызын алып ошол жакка кетет.

Театрдагы карьерасын Кэрин Вупи Голдберг деген жасалма ат менен баштайт. Ошентип ал мыкты ролдору менен эл көзүнө түшүп, ысымы таанылууга өтөт.

Киного 1985-жылы келген. Кинодебютунун артынан Вупинин ысымы “Алтын глобуска” сунушталат. Акырындап комедия , криминал, детектив, фантастика жанрындагы тасмаларга түшүп, башкы көптөгөн ролдорду жаратып, аты дүйнөгө таанылат.

Вупи Голдберг 3 ирет турмушка чыккан. Бирок Александра деген кызы менен калып, башка төрөбөгөн.

Кошумчалай кетсек, Ву́пи Го́лдберг Америкалык башкы 4 сыйлыкты: “Оскар”, “Грэмми”, “Тони” жана “Эммини” алган. Анын сыйлыктар топтомунда “Алтын глобустан” да экөө бар. Даңк аллеясында аты жазылган. 1980-1990- жылдар аралыгындагы Голливуддун эң жаркын жылдызы.

*1873-жылы Кокон хандыгына каршы көтөрүлгөн кыргыздардын орус администрациясына келгендиги кабарланган (140 жыл мурун).

*Кыргыз Республикасынын Айыл чарбасы боюнча экс-министри Искендербек Айдаралиев 1955-жылы 13-ноябрда Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районунун Жаңы-Базар айылында туулган (58 жыл мурун). Үй-бүлөлүү, 3 баласы бар (уулу Марсель, кыздары-Индира жана Чынара).

13-ноябрда жогоруда айтылгандардан тышкары Кыргызстанда жана дүйнөдө бир топ маанилүү окуялар камтылган. Жылнаама толугу менен бул жакта...


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан